Оштогу Навои атындагы эс алуу багы оңдолуп жатат

Ош шаарындагы А. Навои атындагы парктын кире беришиндеги бузулуп кеткен тепкичтер оңдолуп, жолдогу талкаланган таш тамандар (брусчатка) жаңыдан басылууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Парктын ичиндеги соода күркөлөрүнүн сырты жакшыртылып, балдар ойноочу аттракциондордун айланасы кооздолууда.

Июль айынын башында шаар мэри Таалайбек Сарыбашов эс алуучу жайларын күтүүсүз текшерүүгө алып, эс алуу жайынын абалын сынга алган.

Өз сөзүндө калаа башчысы парктын абалын жакшыртуу, тазалыгын сактоо боюнча тапшырма берип, кайра текшере турганын билдирген эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген