Оштогу музыкалык окуу жайдын курулушу 1 жылдан бери башталбай жатат. Видео

Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайынын имартын куруу иштери башталбай жатат. Ага аталган окуу жай менен  жанаша жайгашкан май куюуучу жайдын ортосундагы аралыктын жакын болуп жаткандыгы себеп. Жаңы корпустун долбоору өткөн жылы эле даярдалып, бул жылы курулушу башталуусу керек эле.  Бирок ӨКМ дин курулуштардын ортосундагы  50 метр аралык сакталыш керек деген  чечиминен улам  токтоп калган.

Төрт жыл мурун  мекеме жамааты өкмөткө жаңы имарат куруу боюнча кайрылуу жолдошкон. Өткөн жылы долбоору даярдалып,  3 кабатуу жаңы окуу жай түшмөк. Бирок май куюуучу жайга жакын жайгашкандыктан, курулуш иши башталбай келет.

Окуу жайдын кызматкерлери 50 метр аралык сакталыш керек болсо, май куйуучу обьект жылышы керек деген талаптарын коюшууда. Ага экинчи тарап макул эмес.

Ош шаардык архитектура кызматы окуу жайдын азыркы долбоордун негизинде жаңы имаратын курууга уруксат бербейт. Себеби анда май куйуучу жерге курулуш жакын жайгашып, коопсуздук эрежелери сакталбай калаарын белгилешет.

Шаардык мэрия  болсо май куйуучу жер кандай документтердин негизинде, окуу имаратына жакын курулуп калганы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. Аткени бул суроого жооп берүүчү тиешелүү адиси жок.

Ал арада 3 күн мурун  музыкалык окуу корпустун экилиги жеткен имаратынан өрт чыгып, жараксыз абалга кептелген. Мунун айынан балдарга жатаканда билим берилип жатат.

Азырынча бир жыл мурун даярдалган долбоордун  курулушу качан башталаары белгисиз.

Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы 1930-жылы курулган. Учурда 200 студентке 10 ийрим боюнча билим берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген