Оштогу Ломоносов атындагы мектептин ажатканасы авариялык абалда. Ким жоопту? Видео

Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин ажатканасы азыркы учурда авариялык абалда. Аны жөн гана оор жүк ташуучу унанын тетиктери менен кураштырып 1 жылга убактылуу пайдаланууга берген. Андан бери 3 жыл өтүп, азыркы учурда кооптуу абалда турат. Тактап айтканда урап калуу коркунучунда. Аргасыздан мектеп жамааты, ажаткананын тушуна видео-байкоо орнотуп коюшкан. Андан окуучулардын кирип чыкканын үзгултүксуз карап турушат. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген