Оштогу лөлү тектүүлөр жумуш менен камсыз болот. Видео

Оштогү лөлүлөр жумуш менен камсыздалат. Ал үчүн лөлү тектүүлөр көчөдө тилемчилик кылбашы керек. Мындай демилгени жергиликтүү бийлик колго алды. Буга байланыштуу Ош шаарынын  вице-мэри Нурбек Кадыров баштаган топ лөлүлөр жашаган аймакка барып түшүндүрүү иштерин жасашты. Чогулушта лөлү тектүүлөр жумуш орундар каралып жаткандыгы тууруалуу айтылды. Бирок лөлулөр жол боюнда тилемчилик кылбашы керек деген шарт коюлду. Белгилей кетсек, Ош шаарына босоголош жайгашкан Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу жаңы кыштак айылында 4 миңден ашуун лөлүлөр жашайт. Алардын эркектери курулуш жаатында иштесе аялдары темир материал чогултушат жана тилемчилик менен оокат кылышат.

Видео:Жусуп Кошмат уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген