Оштогу коомдук унаалардын тазалыгы талапка жооп бербейт

Ош шаарындагы коомдук транспорттордун тазалыгы жүргүнчүлөрдү канааттандырбайт. Шаар тургундарынын айтымында, андагы санитардык абал талапка ылайык эмес. 

Жүргүнчүлөрдүн мындай дооматына  айдоочулар макул эмес. Алар унаалар эски болгондуктан, жылчыктардан чаң кирип, бат эле кирдеп калаарын айтышты.

“Мен троллейбус айдайм. Ар 3 күндө жууп турам”,- дейт айдоочу Мухаммед Калыбек уулу.

Айдоочулар орундуктарды жуушпайт. Мындан улам  суу тийбеген орундуктардын түсү өзгөрүп, кир экендиги даана эле көрүнүп турат. Мындай абал өз кезегинде жугуштуу ооруларды да пайда кылышы толук мүмкүн .

“Кармагычтар дайыма кир болуп жүргөн унаалар бар. Менимче көпчүлүгү эле жуубаса керек. Бул нерседен оору пайда болсо керек деп ойлойм”,- дейт шаар тургуну.

Ал эми Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин жетекчиси айдоочунун үч күндө бир жууйбуз деген сөзүн четке какты.

“Ар бир автобустун, троллейбуздун тазалыгы биздин көзөмөлдө турат. Күнүгө кечинде ар бири кылдаттык менен жуулуп, эрте менен саат 6:30га ишке даяр болушат”,- дейт Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин жетекчиси Мурзабек Дубанаев.

Элди тейлеген унаалардын арасында шыпыргы, чаң аарчыган буюм- тайымдарын салып жүргөндөрү да кездешет. Мындай көрүнүш албетте, автобус менен троллейбустун кызматынан пайдалангандар үчүн жагымсыз. Бул тууралуу Муниципалдык автоунаа мекемесинин жетекчиси тиешелүү чаралар көрүлөөрүн айтып өттү.

“Унаанын ичине буюмдардын баарын салып жүрүүгө уруксат берилген эмес. Бирок салып алгандар да болушу мүмкүн. Муну эске алабыз”,- деди Мурзабек Дубанаев. 

Учурда Ош шаарында өкмөткө караштуу 30 троллейбус жана 30 автобус жүргүнчүлөрдү ташып келет. Алардан ай сайын беш миллион сомдун тегерегинде мамлекеттин казынасына киреше түшөт. Ушунча каржы алып келип жаткан тармактын тазалыгы мамлекет тарабынан да көзөмөлгө алынса  дешет шаар тургундары.

Сюжет: Чынарбек Алипбеков, Нурсултан Адыкерим уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген