Оштогу “Келечек” базары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт

Ош шаарынын борборунда орун алган “Келечек” соода борбору өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Мындай тыянакты, өрт өчүрүү кызматкерлерин атайын рейд учурунда айтышты.

Талап боюнча базарга кирүүчү жол 8 метр болушу шарт.

“Эч эле болбоду дегенде 6 метр болушу керек. Бирок, мында биздин унаа кирүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Болгону 2метр гана калган. Сатуучулар контейнерлеринин эшиктерин ачып, унаа өтчү жолду тосуп алышкан”,-деди  ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурдин Шаматов.

Тилсиз жөөнун алдын алуу үчүн рейдтер тынымсыз өткөрүлгөнү менен жыйынтык чыкпай келет. Буга себеп адамдардын кайдыгерлиги.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген