Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн 30%нын гана жер тилкелери аныкталган

Ош шаарында 600дөн ашык көп кабаттуу үй болсо, анын 30%нын гана үй жанындагы жер тилкелери аныкталып, кызыл китептери бар. Мындай жагдай үйлөрдүн арасына чоң имараттан тарта майда дүкөн сыяктуу объектилердин мыйзамсыз курулушун шарттап жатат. Эми бул көйгөйдү акырындап чече башташты. “Интербилим” уюмунун жардамында быйыл 40 көп кабатуу үйдүн кызыл китеби бүткөрүлөт.

“Интербилим” уюмунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Гүлгакы Мамасалиеванын айтымында, көп кабаттуу үйлөргө тиешелүү жер аянттарына канча объект мыйзамсыз салынып калганы боюнча азыр так изилдөөлөр жок. Бирок аларга шаардыктардан көп кайрылуулар түшөт.

“Алсак, Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү 164-үй менен Партсъезддеги 124-жатакана азыр балдар аянтчасыз калды. Алар бизге 5-6 жылдан бери кайрылышат. Жеке ишкер эки көп кабаттуу үй салып, булардын балдар аянтчасын ороп алган. Алардын короосуна чип менен гана кире аласың. Жатаканадагылар өздөрүнө тиешелүү жерди документтештирбеген үчүн куруучулар тиешелүү органдар менен чогуу жерди “ээси жок” катары аныктап туруп, ушундай мыйзамсыз ишке барган”,  – дейт Мамасалиева.

“Интербилим”  “Сорос-Кыргызстан” фондунун жардамында быйыл 40 көп кабаттуу үйдүн жер аянттарын аныктап, кызыл китебин бүткөрүүгө киришти. Бул үчүн үй башчылары үчүн тургундарды документ иштерине кызыктар кылуу, укуктук сабаттуулук боюнча окуулар өткөрүлдү. Эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары юристтердин коштоосу менен өздөрүнө тиешелүү жер аянттарына кылып китеп алышат.

Көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын аныктоо боюнча өкмөт 2003-жылы токтом чыгарган. Ага ылайык, шаарларда ар бир батирге көп кабаттуу үйдүн сыртынан 50-80 чарчы метр жер каралчу. Жер тартыштыгынан 2011-жылкы акыркы токтомдо бир батирге сырттан 30 гана чарчы метр жер каралууда (бул орточо көрсөткүч, үйдүн айыл же шаарда жайгашканы, канча батир бар экенине карап аянт өзгөрөт). Белгиленген жерге балдар аянтчасы, кир жайчу жер курулат, бак-дарак эгилет. Бирок тилке унаа коюу үчүн каралган эмес.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген