Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн 20 пайызынын гана короосу документтештирилген

Ош шаарындагы алты көп кабаттуу үйдүн балдар аянтчасы сатылып кеткен. Окуя 2010-жылы болгон. Масалиев көчөсүндөгү балдар аятнчага жаңы ээси көп кабаттуу үй салууну баштаган. Жашоочулардын каршылыгы менен курулуш токтотулган. Бирок азырга чейин аянттын документтери жашоочулардын колуна тие элек. Анткени ал колдон колго өтүп олтуруп, акыркы жолу банкка күрөөгө коюлуп кеткен. 

Масалиев көчөсүндөгү 15 тен ашуун көп кабаттуу үйдө 2000ге жакын батир бар. Аларда 5 миңден ашуун наристелер жашашат. Шаардагы бала бакча жетишсиздигенен улам, көпчүлүгү үйдө тарбияланышат. Бирок алар үчүн короосунда да шарт  жок болуп турат. 15 тен ашуун көп кабаттуу үйгө бир курулган балдар аянтчасы да 10 жылга жакын убактан бери талашта.

“Бала бакча жок болсо, жумушсуздук күч  балдар үйдө тарбияланып жатат.  Анан ушул жерди да алып коюшса эмне болот. Келиндер балдарын алып, ушул жерге чыгып ойнотушат эле да”,-дейт Ош шаарынын тургуну Умсунай Турсунова

2010-жылдын декбарь айында техникалар келип, аянттагы балдар ойноочу  каруселдерди буза баштаган. Ал жерге эки көп кабаттуу үй курулмай болгон. Жашоочулар ага чейин короосундагы аянттын сатылып кеткенин билишкен эмес. Каруселдер бузула баштаганда гана билишип иштин чоо жайын териштире башташкан.  Жыйынтыгында балдар аятнчасы алдамчылык жолу менен 4 колго сатылып кеткени маалым болгон. Курулуш компания болсо,  колунда тиешелүү документтин баары бар экенин айткан. Жашоочулар андан соң сотко кайрылышкан.

“Жашоочулар өзү кол койду деп, жасалма жол менен сатылган. Кийин ага издөө жарыяланган. Төрт жолку алып-сатууну сот жокко чыгарып берген”,- дейт Ак-Буура аймактык кеңешинин  №2 кварталдык  комитетинин башчысы Талантбек Жусупов

Балдар аянтчасы 6 үйдүн алдында түзүлгөн кандаминумдун  балансында болгон. Кандаминумдун жетекчиси  аны башка жашоочуларга үй комитеттерине айтпай туруп, жеке менчикке сатып, Россияга качып кеткен. Анан ал жерге үй курулмак болгон. Бирок жашоочлуар өкмөттүк эмес уюмдарга кайрылып олтуруп, сотко жергиликтү бийликке арызданып соттун чечими жашоочулар тарапка чечилген.

“2013-жылы сот элдин эсебине чечип берген. Эски ээси кызыл китепти буларга айтпай банкка күрөөгөь коюп кредит алып алган. Уттуруп жиберген ээси эски китепти пайдаланган”,- дейт “Интербилим” коомдук фондунун  Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева

Белгилей кетсек, шаар боюнча 700 дөн ашуун көп кабатуу үйлөр болсо, алардын 20 пайызыныны короосу гана документтештирилген. Калган 80 пайызынын  короолорунун көпчүлүгү  менчиктештирилип кеткен.  Мыйзамсыз курулуштар курулуп,  балдар аянтчалар тосулуп калган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген