Оштогу ишкерлер мамлекетке 4 млд 128 млн сом карыз

Ош шаардык салык кызматы мамлекетке ири карызы бар ишканалардын тизмесин жарыялады. Жалпы ондон ашык жоопкерчилиги чектелген компаниялар менен жеке ишкерлердин карызы 4 млрд сомдон ашык экени ачыкка чыкты. Айрым ишкерлердин жалгыз өзүнүн эле салыгы 1 млндон ашты.

“Ынтымак” карызы көп жоопкерчилиги чектелген коомдор менен жеке ишкерлердин тизмесин чогултту. Эң аз карызы бар ишкердин карызы 300 миң сомдон жогору.

Салык кызматы жарыялаган карызы бар үч ишкердин жалпы мамлекетке төлөөчү суммасы 1 млн 200 миң сомго жакын. Алардын тизмесин шаардык салык кызматы 7-сентябрда жарыялады.

Эске салсак, Ош шаардык салык кызматы ар жылы ири карызы бир ишканалардын тизмесин жарыялайт. Өткөн жылы 10 жоопкерчилиги чектелген компаниялардын 8 млн сом карызы бар экенин ачыктаган.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz