Оштогу энергетиктерди шаар мэри куттуктады

22-декабрь- өлкөдө энергетиктердин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Ош шаарынын мэри жарык берүүчүлөрдү майрамы менен куттуктап, белектерди ыйгарды. Ошондой эле Ош шаардык кеңеши тарабынан ардак баракчалар тапшырылды.

Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев:”Шаар тургундарынын бейпил турмушта жашашына жарык берүүчүлөрдүн салымы өтө чоң. Учурда Ош шаарында электр энергиясына болгон муктаждык дээрлик жокко эсе, анткени жарык үзгүлтүксүз берилип жатат. Калаанын бардык көп кабаттуу үйлөрүнүн алдына жарыктандыруулар орнотулуп жатат,”- дейт.

Жамгыр жаап, шамал болгон учурларда авариялык жагдай жаралышы мүмкүн. Мындай учурларда энергетика кызматкерлери ар бир электр чубалгыларын көзөмөлгө алып, иштен чыккандарын дароо алмаштыруулары керек. Бир аз эле туура эмес кыймыл- кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч жаратышы ыктымал.

Ал эми турак-жайларды жылуулук менен камсыздоо үчүн отказанга көмүрдү салып, температурасын текшерип гана коюу керек. Бул жумуш сырттан караганда оңой көрүнгөнү менен, аткарган адам үчүн бир топ түйшүктүү дейт отканада кезекте турган Арстанбек Балтабаев.

Откананын кызматкери кошумчалагандай, батирлерге жылуулук жакшы жетпей калып, же өтө ысып кетпеши үчүн 24 саат бою уктабай, температура көзөмөлгө алынат.

22-декабрь өлкөдө энергетиктердин кесиптик майрамы болуп 1994-жылы 30-июнда  Өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Нуржамал Баргыбаева

Оператор- монтажёр: Азам Бузриков

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.