Оштогу электр жабдыктарынын 40 пайызы эски

Ош шаардык электр тармактары ишканасынын жабдыктарынын 40 пайызынын эскилиги жеткен. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бектемир Токторбаев билдирди.

Жетекчинин айтымында кышка даярдык үчүн оңдоо иштери март айында башталган. Ноябрь айында толук бүткөрүлөт. Бирок кышында электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет деп кепилдик бере алышпайт.

“Калкты электр жарыгысыз калтырбайбыз деп аракеттенип жатабыз. Бирок электр жабдыктарыбыздын көпчүлүгүнүн эскилиги жеткен. Быйылкы жылы 25 пайызы жаңыланып ремонт иштерине 52 миллион жумшадык”,-дейт Ош шаардык электр тармактары ишканасынын жетекчиси Б. Токторбаев.

Белгилей кетсек, быйыл электр жарыгын колдонуучулардын саны былтыркыга караганда 20 пайызга өскөн. Учурда жалпы 98 миң абонент бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген