Оштогу чакан кыштактын бир күнү. Шаардык сүрөтчүдөн ажайып фоторепортаж

Чоок – Отуз-Адыр айыл аймагындагы (Ош облусунун Кара-Суу району) чакан кыштак . Аны анча бийик эмес дөңсөөлөр жана эгин талааларындагы иреттүү жөөктөр курчап турат. Жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү Орусия менен Казакстанда иштеп, Кыргызстандагы жакындарын багат. Айылда калгандары болсо буудай, пахта эгишет. Сүрөтчү Марат Сайранбаев Дүйнөлүк банктын таза суу долбоорунун алкагында Чоок кыштагына барып, элет турмушу тууралуу сонун фоторепортаж жасап келди. “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн”  сүрөтчүнүн жана Дүйнөлүк банктын уруксаты менен Мараттын фоторепортажын жарыялады.


Марат Сайранбаев – сүрөтчү. Жалал-Абадда төрөлгөн, Бишкекте жашайт. Дүйнөлүк банктын таза суу долбоорунун алкагында иштеген Марат Кыргызстандын аймактарын кыдырып, айыл турмушун сүрөткө тартат.


Айылдыктардын негизги көйгөйү – таза суунун жоктугу, СССР маалында да маселе чечилген эмес. Жер алдынан суу чыгаруу максатсыз, анкени туздуу. А кыштактын дөңсөөлүү, татаал рельефи булак жайгашкан жакынкы тоолордон  түтүк тартууну кыйындатат.

Айыл тургуну  жакынкы тоо 30 чакырым алыста экенин айтып жатат. 


Бул фактор тиричиликке, өзгөчө адамдардын саламаттыгына таасир этет. Жергиликтүүлөр суу үчүн бир нече чакырым аралыкка каттоого аргасыз. Каналга негизинен балдар барышат. Мунун айынан сабактан калган учурлар көп эле болот. Кышкысын каналда муз тоңуп калганда сууну райондун борборунан ташый башташат. Жол дагы үч чакырымга узарат.

23 жаштагы Гүлкан –  үй кожойкеси, төрт баланын энеси. Балдардын эң кичүүсү жети айлык. Жаш эненин ар бир челегинде 10 литрден суу батат.

Үйдүн жанындагы арыкка суу келгенде жакшы. Мындайда бир нече чакырым аралыктагы каналга каттабай эле койсо болот.

Каналдагы жана арыктагы суу тунук эмес, курамында талаага себилген химиялык каражаттардан улам пестициддер кездешет. Ага карабай аялдар мындагы сууну кирге да, идиш-аяк жууганга, ал тургай тамак-ашка да колдонушат. Күз-кышта сугат суу токтогондо айылдыктар карды ээритип же жаан суусун колдонушат.

Айылдагы “аристон”.

Бүгүн кир жуумай күн, казанда суу ысыганча, кожойке кытайдын кир жуугуч машинасын тазалап жатат.

Гүлкандын 28 жаштагы жолдошу алар сууну кантип сакташарын көрсөтүп жатат.

Арыктын киргимтил суусу бочкаларда тундурулуп, анан алюминий флягдарга куюлат. Жолчубек маал-маалы менен бочканын ичин боеп турат, бирок суу курамындагы туз боелгон темирди да жеп кетет.

Дээрлик ар бир үйдө үч тонналык мындай цистерналар турат.

Суу толтурулган флягдар.

Айрымдар сууга “Портер” менен катташат.

Дагы башкасы эшек менен.

Кичинекей суу ташуучулардын кербени каналга жөнөдү. Бул жумуш күн сайын кайталанат.

Гүлкан челектеги сууга идиш жууп жатат.

А кошунасы арыктагы сууга идиш жууп жатат.

Айылдарда балдар чоңдордун милдетин эртелеп аткара башташат. Чоң кызы түшкү тамакка картошка аарчып, энесине жардам берүүдө.

Апасы түшкү тамак даярдап жатат, балдары күтүүдө.

Айылдарда тамакты электр плиткаларында даярдашат, бул отунга караганда арзан, анан адеп эле от жагыштын кажети жок. Кошуна балдар көп учурда чогуу тамактанышат. Баса, айылдагы дагы бир чоң көйгөй – балдардын туура эмес тамактанышы. Рациондун негизги бөлүгүн углеводдор – макарон, картошка, нан түзөт. Бул арзан, бирок мындай тамакта микроэлемент, белок аз болгон үчүн кичинекей балдарда аз кандуулук күч.

Балдар кир суудан да оорушат. Сарык бул жакта кадимки көрүнүш.

Гүлкан менен Жолчубектин эки жашар уулу бир нече айдан бери ич өткөктөн жабыркап келет. Райондук ооруканага тынбай каттап жатышат, бир курс дарылануудан кийин оорусу кетет, бирок аз эле убакытка. Баланын шымын ар 2-3 саатта алмаштырууга туура келип жатат.

Балдар көчөдөгү кир сууну ичпеш үчүн апалары арыктын суусун кайнатып, бөтөлкөгө куюп беришет.

 

Чоңдор иштерин бүтүргөнчө чоңураак балдар кичүүлөрүн карашат.

Алар кенжетайлар гигиенаны сакташын да көзөмөлдөйт.

Кээде ойнгонго адам табылбай калат. Жашоо ушинтип өтө берет.


Дүйнөлүк банк айылдарды суу менен туруктуу камсыздоо долбооруна $59,5 млн  ажыратат. Ал Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын 90%ын камтыйт (207 миң киши). Донорлор долбоор айыл калкынын, өзгөчө аялдардын, балдардын жана аялуу катмардын жашоо сапатына таасирин тийгизип, элет жеринде ич өткөк ооруларын азайтат деген ишеничте.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген