Оштогу бассейндер: шарттары жана баалары

Жайдын мээ кайнаткан күндөрү башталды. Мындай ысыкта сууга түшүү эң ыңгайлуу эс алуу экендиги маалым. “Ынтымак” Ош шаарында жайгашкан бассейндер, түзүлгөн шарттары боюнча маалымат тизмек даярдады.

 

“Реми” бассейни  

Дареги: Төрөбай Кулатов кичи району.

Иштөө убактысы: 10: 00-2:00.

Узундугу —40 метр, туурасы — 30 , тереңдиги — 1,9 метр.

Балдар үчүн бассейндин узундугу – 4метр, туурасы – 2, тереңдиги – 1 метр.

Атайын душтары менен  курулган.

Баалары: балдар үчүн –400 сом, чоңдорго — 700сом.

“Ош Нуру” бассейни

Дареги: Баялинов көчөсү

Иштөө убактысы: 11:00- 00:00

Тереңдиги – 2 метр

Баалары:  Чоңдорго 300 сом.

“Большая рыбка” бассейни                   

Дареги: Ак-буура  көчөсү

Иштөө убактысы: 8:00- 20:00

Узундугу , туурасы, терендиги 3 метр болуп, 500 адамга ылайыкташкан.

Балдар үчүн да атайын чакан бассейн бар

Баалары: балдарга 50 сом, чоңдорго 100 сом.

Атайын ажаткана, душтар курулган.

” Планета” бассейни              

Дареги: Р. Абдыкадыров көчөсү

Иштөө убактысы: 11: 00- 20:00

Тереңдиги -2 метр, 100 адамга ылайыкташкан.

Балдар үчүн 3 жашка чейинкилерге гана ылайыкташкан.

Баалары: чоңдорго 100, балдарга 50 сом. Шейшемби же шаршемби күндөрү иштебейт.

“Юго-Восток” бассейни

Дареги: Н.Исанов жана Водозаборная көчөлөрүнун кесилиши

Иштөө убактысы: 9:00 – 21:00

Тереңдиги – 2,5 метр

Балдар үчүн  тереңдиги 1 метр

Баалары: 3 жашка чейинкилерге акысыз, 10 жашка чейин 50 сом, чоңдорго 100 сом убакыт чектелбейт.

“Ырахат” бассейни

Дареги: Төлөйкөн айылы

Иштөө убактысы: 10:00-23:00

Тереңдиги 2 метр. Чоңдор үчүн гана иштейт.

Баасы: 150 сом. Душ, ажатканалары бар.

“УПТР” бассейни

Дареги: Жийделик айылы

Тереңдиги 2,5- 3 метрди түзөт. Жайкы жана кышкы бассейндер эркектер үчүн гана иштейт.

Баалары: чоңдорго 150, балдарга 50 сом, түнү-күнү иштейт.

“Дельфин” бассейни

Дареги: Ак-буура көчөсү

Иштөө убактысы: 13:00- 20:00

Тереңдиги: 2,5 метр.

Баасы: 200 сом

Жайкы сезондун башталышы менен бассейндердин санитардык абалы да текшериле баштайт. Аны Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы текшерет. Быйылкы кароо иштери июль айына пландалган. Азыр калаада кызмат көрсөткөн 15ке жакын бассейндин санитардык нормага жооп бериши текшериле элек. Бирок эгер көлмөлөрдө тазалык сакталбаган болсо, жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу бар экенин  санитария кызматы эскертип жатат.

“Бассейндеги тазалык сакталбагандан көз, тери пайда болушу мүмкүн. Булар эң эле көп жугууга мүмкүндүгү жогору оорулар. Андан тышкары балдар арасында чучук курттардын тарап кетиши бар. Ошондуктан биз  ай сайын текшерип, эгер талапка жооп бербесе, оңдогонго чейин жаптыртабыз. “,-дейт  Ош шаардык СЭСтин башкы адиси Сеиткасым Курбанназаров.

Быйылкы жылы  Ош шаарында бассейнге кирүү акысы 100 сомдон 800 сомго жетип жатат.  Каржы же дагы башка себептер менен шаардыктардын көпчүлүгү Ак-Буура дарыясы же чоң каналдарга киринет. Мындай эс алуу кооптуу экенин ӨКМ дагы бир жолу эскертти.  Былтыркы жылы дарыя-каналдарда чөмүнүп жатып, 18 адам каза болгон, алардын 11и жаш балдар.

ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын адиси Белек Тагаев сууга түшүү боюнча бул эрежелер ар бир адамдын эсинде болушу керек дейт.

–  алкоголдук ичимдик ичип, сууга түшкөнгө болбойт:

 агымы тез болгон  сууларга, каналдарга түшүүгө мүмкүн эмес:

– тамактанган соң 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат:

–  чарчап турганда,  күн өтүп кеткенде, суусап турганда такыр болбойт.

–  сууга түшүүгө ылайыкталган жээктерде гана сууга түшүш керек.

–  кырсыктын алдын алуу, куткаруу кызматы жана каражаттар менен камсыздалган жерлерде гана чөмүлүүгө болот:

– ошондой эле сууга  18 градус жылуулук башталганда түшүү керек:

фото: turmush.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген