Оштогу “Барсбек каган” айлампасындагы жолду кеңейтүү иштери башталды

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айлампа кеңейтиле турган болууда. Анткени бул жерде автоунаа тыгыны күч болуп келет. Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, мэр Сарыбашовдун тапшырмасы менен айлампанын эки тарабынан тең кеңейтүү үчүн салына турган жолдогу курулуштар алына баштады.

“Барсбек каган” айлампасы мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тушунда, 2011-жылы, 5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата 11 млн сомго тургузулган. Бирок, андан кийинки мэр Айтмамат Кадырбаев автоунаа тыгындарын жоюу үчүн эстеликти шаардын башка тарабына жылдыруу аракетин көргөн. Бирок, ал ишти жасай алган эмес.

Бул эстеликтердин айланасында “жылдыруу же жылдырбоо” боюнча кайчы пикирлер айтылып келет. Анткени Ош шаарынын автоунаа базары да ушул тарапка көчүрүлгөндөн кийин, айрыкча ишемби, жекшемби күндөрү автотыгын көп болот. Ушул көйгөйлөрдөн улам азыркы мэр Таалайбек Сарыбашов айлампанын эки жак четин кеңейтүү аракетин көрө баштады.

Аталган айлампанын жанында өзгөрүүлөр көп болууда. Буга мейин маалым болгондой, бул жактагы кичи базар бузулуп, ордуна 850 метр болгон аллея салуу аракети жүрүп жатат. Анын курулушу жаз айында башталып, күзүндө пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген