Оштогу бардык мечиттерде Кадыр түн тосулат

Ош шаарында Кадыр түн кечесин тосуу үчүн Сулайман-Тоо мечитине 15 миңге чейин тургундар топтолот. Бул туралуу “Ынтымакка” Ош шаардык аалымдар кеңешинин мүчөсү Анасхан Ташкожаев билдирди.

Анын айтымында, калаанын баардык мечиттерде кадыр түн тосулат.

“ Негизинен баардык мечиттерде кадыр түн тосулат. Эң чоң Сулайман-Тоо мечитине быйыл 15 000ге чейин адамдын келери күтүлүүдө. Кадыр түндү тосууга көбүрөөк  жаштар келет. Куран окулуп, дуба кылышып 20 рекет таравих намазы окулат”-деди ал.

Быйыл Кадыр түн кечеси 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келет. Мусулмандар бул ыйык түндү жакындары , үй бүлөсү менен, эркек кишилер мечиттерде тосушуп, жараткандар жакшылыктарды сурап, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн дуба кылышат.

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген