FB Twitter YouTube Одноклассники

Оштогу балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору оңдоого муктаж

Оштогу “Аяр бала” реабилитациялоо борбору оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө муктаж. Имарат чейрек кылым мурда курулуп, эки бөлмө авариялык абалдан улам жабылган. Калган бөлмөлөрдө да тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес, зарыл жабдыктар жок. Шарты жок болсо да, 70 орунга ылайыкташкан борбор түштүк аймагынан беш эсе көп мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы кабыл алат. 

Эки кабаттан турган балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору 25 жыл мурда түзүлгөн. Андан бери өлкөнүн түштүгүндөгү кыймыл-таяныч тутумунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылап келет. Борборго Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы дарт менен жабыркаган балдар кайрылышат.

Имараттын ички бөлүгүндө жаракалар пайда болгон. Буга байланыштуу көчүп түшүү коркунучу жогору эки кабинет жабылып, учурда болгону бир бөлмөдө денени чыңдоочу көнүгүүлөр жасалат.

Борбордун көнүгүүлөр боюнча инструктору Рахила Иминованын айтымында, имараттагы жабдыктарды аздыр-көптүр эл аралык уюмдар жаңылап берген. Бирок капиталдык оңдоп-түзөө үчүн каражат жок. Борбор 70 орунга ылайыкташканы менен анден беш эсе көп балдар кайрылышат.

Имаратта пандустардын жоктугу да негизиги көйгөйлөрдүн бири. Ата-энелер балдарын атайын арабада алып жүрө албайт.

“10 жаштагы баламы экинчи кабатка көтөрүп чыгып, көтөрүп түшөм. Пандустар иштебейт. Бул мен сыяктуу бардык ата-энлердин эле көйгөйү”,-деди жалал-Абад шаарынан келген Назгүл Садырбаева.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраиловдун айтымында, борбор Саламаттыкты сактоо министрлигине караган менен имарат жеке менчикте. Буга байланыштуу шаардык мэрия имаратты балансына алуу үчүн тиешелүү тарап менен соттошуп жатат. Ошондуктан шарттарды түзүү маселеси токтоп турат.

Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун адистери мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан жардам сурайт. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөгө же болбосо заманбап борбор куруу үчүн чоң көлөмдөгү каражат керектелет. Ошол эле учурда акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздоо да мезгилдин талабы.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz