Оштогу бала бакчалардын биринде жаш эне өз баласын муунтуп жаткан жеринен колго түшүрүлдү

Ош шаарында жайгашкан балдар бакчаларынын биринде Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну ѳзүнүн бир жаштан өтүп калган баласын өлтүрүүгө аракет жасады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди.

Ал диванда жаткан наристени жаздык менен тумчуктуруп ѳлтүрүүгѳ аракет жасап жатканда бакчанын кызматкерлери кармап калган. Өз учурунда балага жардам көрсөтүлүп, наристе аман калды.

Жаш эне 19-июнда Кыргыз Республикасынын 94-беренеси менен 48 саатка камакка алынган. Анын үстүнѳн «адам ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо» (28-97 беренеси) боюнча кылмыш иши козголду.

Ал ѳзүнүн мындай кылмыштуу кадамга баруусун ѳзүнүн турмуштук оор шарты менен байланыштырып, туугандарынын каралашпагандыгы, күйѳѳсү менен ажырашкандыгы жана жокчулук жашоодон кыйналып кеткендиги менен түшүндүргѳн.

Бүгүн Ош шаардык соту кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт.

26 жаштагы келин мурда турмушка чыгып, бирок ажырашып кеткендиктен, наристесин жалгыз тарбиялап жаткан. Буга чейин анын оор шарттарын эске алуу менен «Ак жүрѳк» кризистик борбору жардам берип турган.

Учурда наристенин ден соолугу канааттандыраарлык. Ал Ош шаарындагы балдар үйүнүн биринде дарыгерлер менен тарбиячылардын кѳзѳмѳлүндѳ.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген