Ошто “Жылдын мыкты мугалими-2021″сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 20-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Жылдын мыкты мугалими – 2021” кароо-сынагына катышкан жана жеңишке ээ болгондор мугалимдердин сыйлоо аземи болуп өттү.

Ош шаардык мэриянын колдоосу менен билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими – 2021” кароо-сынагынын финалдык туру 27-апрелде №52 мектепте өткөрүлгөн. Сынакка жалпы 42 мугалим катышып, финалдык баскычка 7 мугалим чыккан.

Т.Сарыбашов демөөрчүлөр менен биргеликте жеңүүчү мугалимдерге төмөнкү белектерди тапшырды.

Сынактын баш байгесин утуп алган №52 кыргыз-түрк достугу мектебинин мугалими Ильгиз Шамырзаевге батир тапшырылды.

1-орунга Ломоносов атындагы гимназия мектебинин кыргыз тил мугалими Момуналиев Капар ээ болуп, белекке автоунаа алды.

2-орунду алган №5 мектебинин биология мугалими Айдана Кадыровага Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютер, түстүү принтер жана кир жуучу машина тапшырылды.

3-орунду №38 мектебинин башталгыч класстар мугалими Мөөргүл Мамытова ээледи, ага мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жана “робот чаң соргуч” берилди.

Мындан тышкары “Карс” такси кызматы тарабынан 3 мугалимге Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо тапшырылып, сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, чаң соргучтар жана сматфондор берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.