Ошто жыл башынан бери 19 коомдук унаа  кырсыктаган

2018-жылдын январь айынан бери Ош шаарында коомдук унаалардын катышуусунда 19 жол кырсыгы катталган. Мунун кесепетинде 34 жүргүнчү ар кандай даражада жаракат алган. Бул тууралуу Ош шаардык ЖКККнын тескөөчүсү Рашитбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында ушул эле убакыт аралагында эл ташыган автобус, кичиавтобус айдоочулары 23 жолу эрежени бузуп, аларга карата протоколдор түзүлгөн.

Тескөөчү коомдук унаа айдоочулары көбүнчө кандай эрежелерди бузарын мүнөздөп бере алган жок.

“Ар кандай жол эрежелерин бузушат. Кырсыктар да башка-башка жагдайларда жүз берген”, – деди Сыдыков.

Коомдук унаалардагы коопсуздук, айдоочулардын жоопкерчилиги 2-сентябрда кичиавтобус көпүрөдөн кулап кеткенден кийин талкуулана баштады. 102-каттамдагы кичиавтобус айдоочусу бут жагына түшүп кеткен телефонду алам деп алаксыган да, Навои көчөсүндөгү көпүрө тосмосунан ары 5 метр бийиктиктен жерге кулап кеткен.

Кырсыктан эң оор жаракат алган Чынара Романова азыр ооруканада. Анын колу сынып, бел омурткаларынан жарака кеткен. Дарыгерлердин айтымында, аял 40 күн бою турбай жатат. Ошондон кийин гана корсет тагып, акырын басышына уруксат берилет.

Ошто жүргүнчүлөрдү муниципалдык транпсорт – троллейбус жана автобустар, ошондой эле жеке фирмалардын кичиавтобустары ташыйт. Эки линияда жүргөн троллейбустардын саны – 14,  автобустар – 50. Калган 50дөн ашык маршруттук багытта миңден ашык кичиавтобустар шаарда каттайт.

Кичиавтобустардын тазалыгы, айдоочулардын орой мамилеси, жол эрежелерин сактабашы буга чейин да айтылып келген. Көйгөй муниципалдык транспорт каражаттары көбөйгөндө чечилет деген убадалар бар. Бирок автопаркты жаңылоого азырынча каражат жетишсиз.

Сүрөт: kloop

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген