Ошто жыл башынан бери 16 адам сууга агып каза болду

Ош облусунун аймагында 8 айдын ичинде 16 адам сууга агып каза  болгон. Бул тууралуу “Ынтымакка” ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөчө жай айларында сууга түшкөндөрдүн саны көп болгондуктан, каргащалуу окуялар катталат. Андыктан адистер жарандарды чоң каналдарга түшүүдө этият болуусун эскертет.

Мындан сырткары, ата-энелер кичинекей балдарын тыкыр көзөмөл кылуусун кошумчалайт.

Ал эми сууга аккандарды издөө иштерине ӨКМдин куткаруу кызматы тартылып, өз убагында издөө иштери жүргүзүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген