Ошто жыл аягына чейин үч мектеп бүткөрүлөт

Ош шаарында беш мектептин курулушу жүрүп жатат, анын үчөө жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, шаардын мэри Алмаз Мамбетовдун алдында билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушту. Ал жаш муундарды тарбиялоодо мугалимдердин ролу чоң экенин белгилеп, бара -бара мектеп окуучулары менен мектепке чейинки курактагы балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

Республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарында 5 мектеп курулууда, анын үчөөнү жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

«Курулуштун создуктурулушунун негизги себеби каржылоодо. Чоң шаарларда орто билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги байкалат. Бул Ошто да бар. Мэриянын билим берүү мекемелерин көбөйтүү пландары бар », – деди Алмаз Мамбетов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.