Ошто жыл аягына чейин алты мектеп пайдаланууга берилет

Азыркы тапта Ош шаарында алты мектептин курулушу жүрүп жатат. Социалдык объектилердин баары жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Билим берүү мекемелеринин бирөөсүн Өзбекстан өкмөтү каржылоого алса, калганына республикалык казындан акча бөлүнгөн.

Курулуп иштеринин бири № 3 Ломоносов мектеп-гимназиясында жүрүп жатат. Билим берүү мекемесинин жетекчиси Гулмира Осекованын айтымында, имарат 90 жыл мурун курулуп, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Бул арада окуучулардын саны артып, жаңы объект куруу зарылчылыгы жаралган.

Жалпысынан учурда Ош шаарында 6 мектептин курулушу жүрүүдө. Алардын баары ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Буга кошумча 2 жаңы бала-бакча курулуп бүттү. Белгилей кетсек, Ошто дагы эки авариялык мектеп бар. Алардын ордуна жаңы имарат куруу боюнча шаардык билим берүү башкармалыгы мэрияга каражат сурап кайрылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген