Ошто жугуштуу ооруларга каршы эмдөө өтүүдө

 

Ош шаарында жугуштуу оорулардын он бир түрүнө карата эмдөө өтүп жатат. Ага бардык тургундар катышып, акысыз эмдөөдөн өтсө болот. Керектелүүчү вакцинанын түрлөрү жетиштүү. Бул тууралуу “Ынтымакка” шаардык санитардык жана эпедемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинен билдиришти.

Иш чара 24-апрелде башталып, 30-апрелге чейин өтөт.  Шаарда каттоосу жок жарандар да кайрылышса болот.

“Буга чейин эмдөөдөн баш тарткандар райондордо болсо акыркы кездери шаарда да каршылар чыгууда. Мындан улам үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери, дин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдүк. Дин жаатындагы адистерге калкка түшүндүрүп берүүсүн айттык”,- деп белгилешти башкармалыктын адистери.

Кошумчалашкандай, эмдөө шаардагы 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өтүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген