Ошто жолдошун бычактап өлтүргөн аял бир айга камалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 57 жаштагы М.А. аттуу жаранды өлтүрүүгө шектелип анын 41 жаштагы С.Ж. аттуу аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, окуя 9-декабрь күнү саат 19:40 чамасында Шарк айыл аймагында болгон. Анда аялы жолдошун ашкана бычагы менен көкүрөгүнө бир нече жолу сайып салган. М.А. алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү аныкталып, маркумдун өмүрлүк жары кармалган.

“Аталган  факты боюнча Жазык кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн  кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, окуянын чоо жайын көргөн билгендер сурака алынып, каза болгон М.Анын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дыйындалды”, – деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Кара-Суу райондук соту тарабынан 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.