Ошто жолдорго кум, туз себүү иштери башталды. Видео

Бүгүн, 25-ноябрдан тарта Ош шаарындагы муз болгон жолдорго туз төгүү иштери баштады. Бул тууралуу “Ынтымакка” “Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчисинин орун басары Жылдызбек Көчкөнов кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул ишканага Ак-Буура дарыясынын оң тарабын кардан тазалоо иштери жүктөлгөн.

“Учурда биздин ишкана жолдорду кардан тазалоо иштерине толугу менен даяр. Ал үчүн 93 тонна кум менен туз, 4 техника каралган. Жалпысынан 110 чакырым жолду тейлейбиз”,- деп билдирди Жылдызбек Көчкөнов.

Азыркы учурда шаардагы Достук көпүрөсүнө туз төгүү иштери жүрүп жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген