Ошто жолдорго 46 тонна туз, 18 тонна кум чачылды

Ош шаарында жааган карга байланыштуу 18-февраль күнү саат 20:00дөн, 19-февраль саат 9:00гө чейин жолдорду кар, муздан тазалоо иштери жүргүзүлүп, 46 тонна туз, 18 тонна кум чачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине 4 муниципалдык ишкана жумушчу топ алып барган. Шаардык жолдор башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, тазалоо ишерине 20 атайын техникалык унаа жана 50гө жакын жумушчу тартылган.

Мындан сырткары, жолдордун адам басуучу бөлүктөрүн кар, муздан тазалоо үчүн атайын жумушчу топ тартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген