Ошто жол кырсыгынан жети адам каза болуп, тогуз адам жабыркады

Кара-Сууда жол кырсыгынан жети адам каза болуп, тогузу жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында “КамАЗ”, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине ӨКМ башчысынын орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы Н.Шаматов жана 3 куткаруучу тартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.