Ошто жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди

Кечээ, 17-ноябрда, Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан жол кырсыганан каза болгон жарандарды эскерүү  күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулуп, алар үчүн куран багышталды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош облустук ЖКККБнын жетекчиси Айжигит Зикиров билдирди.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүш Ош-Алай жолунда өткөн. Анда имамдар, жакын жердеги айыл тургундары, мектеп окучулары өз ыктыярлары менен чыгышкан.

Иш-чара каза болгондорду эскерүү жана кырсыктарды алдын алуу, айдоочуларга маалыматтарды таратуу максатында уюштурулган.

“Бул иш-чарада калкка маалымат берүү менен бирге жол кырсыктарын болтурбоо үчүн жаш балдарды автожолдон оолак кармоо, спирттик ичимдиктерден алыс болуу, жолдогу эрежелерди так сактоо тууралуу маалыматтарды бердик”,- деп билдирди Ош облустук ЖКККБнын жетекчиси Айжигит Зикиров.

Статистикалык маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында 10 ай ичинде 544 жол кырсыгы катталып, андан 106 жаран көз жумган. Ал эми 1012 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшкөн. Мындан улам, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жарандарды жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону эскертишет.

Белгилей кетсек, жол кырсыктарынан каза болгон жарандар дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө эскерилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.