Ошто жол кырсыгынан бир адам каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен бир аял каза болуп, дагы бир адам жабыркаган.

Жалпысынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адам ооруканага жеткирилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген