Ошто жол кырсыгынан бир адам каза болду

Ошто жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында “Гольф-3” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 1998-жылы туулган М.Н. аттуу эркек киши каза болгон. Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.