Ошто жоголгон 8 жашар кыз табылды. Видео

12-апрелде жоголгон 8 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу “Ынтымакка” өспүрүмдүн  атасы  Куттубек Жунусов билдирди.

Анын айтымында, ал күнү кызы Аделина сабагы бүткөндөн кийин күндөгү убактысында үйүнө барган эмес. Ага сарсана болгон атасы анын сүрөтүн социалдык тармактардан бөлүшүп, элден жардам сураган.

“Үч сааттан кийин Сулайман-Тоо участкалык милиция бөлүмүнө арыз жазып кайрылдым. Тартип сакчылары менен кошо  базарларды, көчөлөрдү кыдырып издеп чыктык.  7 саат өткөн соң, кызымды Каратай-Ош жолундагы 7 кмден таптык”,-деди ал.

Ал эми Аделинанын айтымында, сабагы саат 11:00 чамасында бүткөн. Андан соң, Макаренко аялдамасында эки саатай маршруттук каттамды күтүп турган. Бирок, маршруткалар албагандыктан жөө жүрүп кетишкен. Аны менен бирге классташ кызы да болгон. Алар жөө басышып 7 кмге чейин барышканда ата-энеси тапкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген