Ошто ЖКнын депутаттары катышкан жыйын болду. Видео

Бүгүн, Ошто Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан жыйын өттү. Анда аялдардын коомдогу орду, үй бүлөдөгү зордук зомбулук, гендердик теңдик маселелери талкууланды.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 15 пайыз кыздар эрте турмуш жолуна аттанышат. Жогорку билими жок, жашы жете элек өспүрүмдөр бала тарбиялоодо да бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгы айтылды.

Иш чарага  укук коргоо кызматкерлери жана дин өкүлдөрү да чакырылган. Анткени  ала качуу, эрте никеге туруу сыяктуу көйгөйлөрдүн алдын алууда алардын орду чоң.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген