Ошто “Жибек-Жолу” эс алуу багы пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрда калаадагы “Жибек-Жолу” эс алуу багы пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты.

Эс алуу жайын оңдоого 4,5 млн сом керектелди. Анын 2 млн сомун шаардык мэрия, 1 млн сомун көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, калганын “МКР” ЖЧКсы бөлүп берди. Азыр жаңы олтургучтар коюлуп, шарттар түзүлдү.

Аянтты 9 619  чарчы метрди түзүп, курулуш иштери “Апсамат-Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.

Эске салсак, акыркы үч жылдын ичинде 10го чукул эс алуу жайы толук оңдоодон өтүп шаардыктарга тапшырылган. Алар “Космонавттар” багы , Облустук китепкананын алдындагы сейил бак, “Жеңиш”, “Ата-Түрк”, “Семетей”, И.Раззаков атындагы жана башка эс алуу жайлары.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген