Ошто жети жашка чейинки балдардын жарымы гана бакчага барат. Эмне үчүн?

Ош шаарында бакча жашындагы 30 миңден ашуун баланын 15 миңге жакыны үйдө олтурууга аргасыз. Буга калаада бардык балдарды камсыздоого бакчанын жетпегени себеп. Бул көрсөткүч өлкө боюнча нормалдуу көрүнүш болгону менен жылдан жылга чоң көйгөйгө айланууда. Себеби шаардагы 10 миңдеген балдардын бакчага кезеги келгенче жашы мектепке жетип, алгачкы билимди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат. Шаардык бийлик бул маселени чечкени аракет кылганы менен күн сайын балдардын саны көбөйүүдө.

Ош шаарынын тургуну Самара Жолдошбаева кызын бакчага бере албай 2 жыл кезек күткөн. Андан соң бир группада 45 бала тарбияланган бакчалардын бирине аргасыз берүүгө мажбур болгон.

“Эки жыл кезек күттүм. Башында кызым көпчүлүккө көнө албай кыйналды. Анткени менин кызымдын группасында 45 бала бар экен. Бул эң азы. Бир тайпада 50-60 тан балдар тарбиялангандары да бар. Тарбиячы мындайда баарына көңүл бура албай калат деп ойлойм. Шарттар да жакшы эмес. Кроваттар жетишсиз, тамак ашына да канааттанбайм. Бербей койгонго айла жок, караганы башка эч ким жок. Ал эми жеке бакчалар кымбат”- дейт Самара.

Жаш эне кызын бакчага берүүдө шарттын, кезек күтүүнүн гана көйгөйүнө туш болгон эмес. Ал үйүнө жакын жайгашкан бала бакча издеп да убара тарткан.

Бакчалар ченемден ашык. Кезек күткөндөр кайда барат?

Биз Ош шаардык билим берүү башкармалыгы берген маалыматка таянып,  жалпы бала бакчалар андагы тайпалар жана тарбияланып жаткан балдар боюнча анализ жүргүздүк. Натыйжа  көрсөткөндөй  кээ бир бакчалардагы тайпаларда балдардын саны 80ге жеткен. Бул болсо нормадан эки эсе көп. Бул учурда балдар бир керебетте экиден уктаганга мажбур болот. Ченем боюнча бир тайпада 20-30 бала окуш керек.

Эки эсеге толуп калгандардын сап башында  №35- “Асан-Үсөн” бакчасы турат. Мисалы аталган бакча 180 орунга ылайыкташканы менен учурда  900дөн ашуун бала тарбияланат. Ошол эле убакта дагы 55 бала кезек күтүп турат.

Асан-Үсөн” балдар бакчасынын жетекчиси Аймен Туралиева бир керебетке экиден бала жатканын тастыктайт. Ал мындан башка айла жок экенин билдирип жакын арада көп күн келбей калган балдарды бакчадан чыгаруу менен маселени чечкенге аракет кылаарын айтат.

“Биздин бакча жайгашкан аймакта элдер көп. Бирок ага карабай эки эле бакча иштейт. Балдардын көптүгүнөн айла жок бир керебетке экиден бала жатып уктайт. Бул көрүнүш  ушул бойдон уланса, балдардын өсүп-өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Учурда колдон келишинче балдарга шарт түзүп, алардын санын азайтканга аракет кылып атам. Бирок алар кайда барат?”.

Бир керебетте эки, бир тайпада 50-60 бала болсо кантип билим алат?

ЮНИСЕФ менен Статистика комитети 2014-жылы бакча жашындагы балдардын өнүгүү индекси боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда 7 жашка чейинки балдардын окуу көндүмдөрү,  физикалык, социалдык-эмоционалдык өнүгүүсү, маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүнө анализ кылышкан. Натыйжада Ош шаарындагы балдардын өнүгүү индекси өлкө боюнча эң төмөн экени аныкталган.

Мындан сырткары, Ош облусу башка аймактар арасынан китеп менен камсыз болгон балдардын саны боюнча да төмөнкү көрсөткүчтө турат. Юнисефтин изилдөөсүнө таянсак китеби бар балдар болгону 12 пайызды түзсө, алардын ар биринде үчтөн гана китеп бар. Окуу куралдардын жетишсиздигине балдардын ата-энесинин жогорку билиминин жоктугу менен кедей турмушта жашагандыгы себеп.

Уулкан Маматова Ош шаарындагы  №3 В. Ломоносов мектеп-гимназиясында башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы, 25 жылдан бери башталгыч класс мугалими.

Анын айтымында 1-класска келгенде бакчага барган бала менен барбаган баланын айырмасы аябай чоң болот.

“Бакчага барган балдар бизге даяр болуп келет. Коомчулук менен мамиле кылуудан кыйналышпайт, тартынбай чыйрак да болушат. Ал эми бакчага барбаган балдар чөйрөгө көнүп балдар менен мамиле кылганды үйрөнгөнгө чейин да бир топ убакыт өтүп кетет. Ой жүгүртүүсү менен да айырмаланат. Үйдөн келгендер такыр билбейт деп айта албайм,  билет бирок айырма баарыбир билинип калат. Алар деле жетишет, бирок убакыт талап кылынат. Үйдөн келген балдарды сабактардан жетиштирүү үчүн мугалим тарабынан көбүрөөк көңүл буруу болушу керек. Бардык балдар мектепке чейинки билимди алып келишсе, мугалимге да, алардын өзүнүн келечегине да жакшы болмок. Бирок буга бизде шарт жок жана бакча жетишсиз экенин баарыбыз эле билебиз”,- дейт Уулкан Маматова.

Маселе качан чечилет?

Учурда Ош шаарындагы отуз миңден ашуун баланын 14 951и качан алгачкы билим берүү мекемеси менен камсыздалааары белгисиз.

Жергиликтүү бийлик, мамлекет бакча маселесин чечкенге аракет кылып жатканын айтат. Бирок шаарда акыркы 5 жылда болгону 6  гана бакча салынган. Мындан сырткары бул көйгөйдү жеке менчик бакчаларды ачуу менен жойгонго мүмкүнчүлүктөр бар дешет. Бирок жеке менчик бакчага бергенге бардык эле ата-энелердин мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Ушул тапта Оштогу 21 жеке менчик бакчада болгону 1900 гө жакын  гана бала тарбияланат.

Жалпы өлкө боюнча 7 жашка чейинки балдардын саны 600 миңден ашат. Бүгүнкү күндө алардын 200 миңге жакыны гана бакчага барат.

Кыргызстан балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камсыздоо үчүн 250 орундуу дагы 1600 бакча куруусу керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов айтымында эл өкүлдөрү бул маселени бат-баттан көтөрүп жатат.  Бирок Өкмөттүн бюджети тартыш болгондуктан толук камсыздаганга мүмкүнчүлүгү жок.

“Бакчалар курулуп жатат. Бирок өтө аз санда. Ошондуктан биз Өкмөттү жеке менчик бакчалар менен өнөктөштүк аркылуу иштешүүгө чакырып жатабыз. Мындан башка жол жок. Биринчиси бюджеттен акча бөлүү, экинчиси жеке менчик бакчаларга лицензия берип санын көбөйтүү. Ошол эле учурда аларды тыкыр көзөмөлдөө керек. Муну менен бирге эле биз мурда приватташтырып болуп же башка мекемелерге берилип кеткен имараттарды кайтарып бергиле деп катуу талап коюп жатабыз. Жогорку Кеңеш тарабынан прокуратурага бул боюнча атайын тапшырма берилген. Жылда аз-аздан кайтарылып жатат. Бирок жетиштүү эмес”, – дейт депутат.

Кыргызстанда 7 жашка чейинки балдардын баары бакчага качан бара алышат?  Аларды мамлекет мектепке чейинки билим берүү мекемеси менен качан толук камсыздай алат? Бул маселе азырынча белгисиз бойдон турат.



Бул материал ЮСАИДдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Анастасия Валееванын ментерлиги астында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Материалды даярдагандар: Айдай Беделбек кызы, Алмира Абидинова

Редактор: Чолпон Узакбаева, Анастасия Валеева

Сүрөт: Турмуш

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген