Ошто жергиликүү кеңештерге шайлоо өтөт

19-май күнү Ош облусунун Кара-Суу районунундагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинде жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу “Ынтымакка” шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын Кара-Суу районундагы өкүлү Джоробаев Жоомарт билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта жергиликтүү шайлоого катышуу үчүн Отуз-Адыр айылдык кеңешинен  3 шайлоо округу түзүлгөн жана ага 63 талапкер арыз берген. Анын ичинен 61 талапкердин катталган. Шайлоо эрте мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин уланат. Учурда үгүттөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал кошумчалагандай, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо республиканын айрым аймактарында да өткөрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген