Ошто жер титирөө катталды

22-сентябрь саат 04:57 де Ош облусунда күчү  3, 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу  ӨКМдин маалымат казыматы билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Кашкар-Кыштак, Нариман айылдарында болгон.

Мады, Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген