Ошто жер титирөө катталды

Ош облусунун Ноокат жана Алай районунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-май күнү саат 05:47де  Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми, 27-май күнү саат 00:33тө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген