Ошто жер силкинди

Ош облусунун аймагында 17-октябрь күнү саат 22:19да жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, силкинүү Өзгөн районунун Чымбай, Макмал, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 баллга чейин, ал эми Кара-Дыйкан, Шералы, Куршаб, Ак-Жар, Мырза-Аки айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.