Ошто жер силкинди

Бүгүн, 24-январда, Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, силкинүүнүн очогу Тажикистандын аймагында болуп,  күчү 6 баллга жеткен.

Ал эми Ош облусунуна караштуу Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген