Ошто жеңил жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштады

Ош шаарында, 8-июлда, “Кыргыз унаа курулуш” машина куруу заводунун жеңил жүк ташуучу унаалар үчүн өндүрүштүк линиясын ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, «Кыргыз унаа курулуш » машина куруу заводунун негиздөөчүсү Нурбек Осмонов катышты.

Мэрдин айтымында, “шаардын өнөр жай ишканаларында өндүрүштү ишке киргизүү бюджеттин ордун толтурууга жакшы гана жардам болбостон, жаңы жумуш орундарын түзүүдө”.

“Кыргыз унаа курулуш” машина куруу заводу Кыргызстанда биринчилерден болуп DongFeng жеңил жүк ташуучу унааларын чыгарууну баштады. Ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылган, бардык өндүрүш процесси Германиянын акыркы технологиялары боюнча жүргүзүлөт, бул продукциянын жогорку сапатын камсыз кылат.

” Ишканада 300 дөн ашык адам эмгектенип жатат, алардын арасында Кыргызстан, Түркия жана Орусиянын жогорку квалификациялуу адистери бар. Ош шаардык мэриясы колдоо көрсөтүп, өнөр жай ишканаларынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүп берүүгө аракет кылат “, – деп белгиледи Т.Сарыбашов.

“Кыргыз унаа курулуш” машина куруу заводу ар кандай татаалдыктагы энергетикалык жана машина куруу жабдууларын иштеп чыгарат.

2018-2020-жылдар аралыгында курулуш жана эксплуатацияга киргизүү иштери жүрүп жаткан, 2020-жылдын ортосунан баштап биринчи продукциялар – электр генераторлору жана электр панелдери өндүрүлө баштады.

Мындан тышкары, бул жерде лифттерди, чакан ГЭСтер үчүн турбиналарды, энергияны үнөмдөөчү электр эсептегичтерин өндүрүү процесси жолго коюлган. Жакынкы аралыкта электр унааларын, анын ичинде тез жардам унааларын чыгаруу башталат.

Завод технологиялык процесстердин сапатына, экологиялык тазалыгына көңүл бурат. Ишкананын өзүнүн конструктордук бюросу бар. Завод стандарттуу буюмдарды гана эмес, жеке буюртмалар үчүн стандарттуу эмес продукцияларды да чыгара алат.

https://fb.watch/v/1Zm08o9bd/

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.