Ошто жаштардын катышуусунда дин боюнча талкуу өтүүдө

Бүгүн, 20-майда  “Борбор Азиядагы диндер: кече, бүгүн жана эртең” деген теманын алкагында жаштар арасында талкуу өтүп жатат. Бул тууралуу “Ынтымкка” Айпери Турсуналиева билдирди.

Анын айтымында, иш-чарада Борбор Азиянын аймагында диндердин тарыхы, алардын азыркы учурдагы абалы жана келечеги боюнча талкуу жүрөт. Анда бир канча теологдор жана жаштар катышат.

Иш чаранын максаты – Кыргызстанда дин жана демократия боюнча ачык пикир алышуу үчүн коомдук аянтча түзүү, бул аянтчаларда жаштарды талкуулоолорго катыштыруу жана алардын  өз ойлору менен бөлүшө алуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Ал кошумчалагандай, мындай иш чара ар үч ай сайын өткөрүлүп турат.

Сүрөт: Азаттык

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген