Ошто жаштар жөө жүрүшкө чыгышты

Бүгүн, Ош шаарында  активдүү жаштардын катышуусунда жөө жүрүш өттү. Иш чараны Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор уюштурган.

Максаты адам укуктарын коргоого чакыруу. Ошондой эле абактагы эркинен ажыратылган жараандарга карата катаал мамиленин токтоптуп,  кыйноолордун  алдын алууга багытталган.

Жүрүштө 100 дөн ашуун жаштар адам укуктарына байланышкан жазуулар менен шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып чыгышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген