Ошто жаштар ата-эне мээриминен ажыраган өспүрүмдөрдөн кабар алды. Фото

Ош шаарындагы “Алтын уя” балдар үйүнүн тарбиялануучуларына бир күндүк эс алуу уюштурулду. Демилге “Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси тарабынан көтөрүлүп, балдарга майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган бирикменин мүчөсү Дастан Мурзалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай кайрымдуулук акциялары тынымсыз өткөрүлүп турат.

“Бул иш чаранын негизги максаты-ата-эне мээриминен ажыраган балдардын  бир аз болсо да көңүлүн көтөрүү болду. Жалпысынан өткөргөн саамалыгыбызга 15ге жакын бала катышты. Биз үчүн алардын кубанычы өзгөчө маанилүү болду”,-деди ал.

Кайрымдуулук иш чарасында балдар атайын даярдалган программанын негизинде турдүү жайларга барып, демилгечилер тарабынан уюштурулган оюн-зоокторго катышты.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген