Ошто “Жаш мугалим-2018” сынагы өтөт

Ош шаарында «Жаш мугалим-2018» сынагы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, сынак Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен өткөрүлгөнү турат.

Сынак алгач үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына чейин мектептерде болуп, анын жеңүүчүлөрү 2018-жылдын май айына чейин ар кандай багытта таймашышат.

Ош шаарында алгач ирет өтүп жаткан «Жаш мугалим – 2018» сынагына стажы 3 жылдан ашпаган билим берүүчүлөр катыша алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.