Ошто жалпы мечиттер дезинфекцияланат

Ош шаарында шаардагы мечиттерди массалык түрдө дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иш -чара шаардагы 80 мечиттин бардыгында жүргүзүлөт. Учурда жума намазы окулган 41 мечитте жайларды дезинфекцияланды.

Жумуш СЭСтин адистери жана казыят тарабынан аткарылат. Мечиттерди дезинфекциялоо жума сайын жума намазга чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.