Ошто Жакшылык жумалыгы башталды

27-ноябрдан 3-декабрга чейин өтчү жумалыкта мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет жасашат. Майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу Эл аралык Конвенцияны ратификациялоонун маанилүүлүгүн көпчүлүккө түшүндүрүшөт.  Бул тууралуу “Смайл.кж” коомдук фондунун башчысы Лариса Кузнецова билдирди.

Анын айтымында Изгилик жумалыгында үй-бүлө жана балдарды, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды коргоо боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен талкуулар өтөт.

30-ноябрда Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектеби ачык эшик күнүн өткөрсө, 1-декбарда балдардын реабилитиациялык борборунда суу менен дарылоо бөлмөсүнүн ачылышы болот. 2-декбарга “Көңүл коштук үстүнөн чуркоо”  акциясы мерчемделген. Мындан сырткары ар кандай сынактар, концерт жана флеш-мобдор өтөт. Бул иш чаралардын баарына шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар тартылат.

“Жумалыктын максаты – майыптардын укуктары тууралуу Конвенциянын тез арада ратификациялоо жана майып балдарды караган ата-энелерге акы төлөө боюнча мыйзамды кабыл алуу керектигин коомчулукка жеткирүү”,  – дейт Лариса Кузнецова.

Жумалыкты “Жаңырык” бейөкмөт уюмдарынын тармагы уюштуруп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.