Ошто жай мезгилинде интернаттардын тарбиялануучулары үчүн маданий программа уюштурулат

Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов шаардагы “Алтын уя”, “Лотос”, “Боорукердик” интернаттарында болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө вице-мэр балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын жашоосу менен таанышып, жай мезгилинде балдардын эс алуусуна өзгөчө көңүл буруларын белгилеп кетти.

Мэрия тарабынан интернаттагы балдардын маданий эс алуусуна өзгөчө көңүл бурулуп, жайында балдар лагерлериндеги эс алуу уюштурулат.

Мындан сырткары, Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата интернаттардын жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн өзүнчө программа даярдалууда: балдар үчүн Бишкек циркине зыярат уюштурулуп, алар шаардык  “Дельфин” бассейнине барышат.

Ошондой эле, жай мезгилинде балдар үчүн жаратылышта спорттук мелдештерди уюштуруу менен музейлерге, китепканаларга, пикниктерге саякат уюштурулат .

Учурда Боорукердик мектеп-интернатында 20 бала, Лотосто 12 бала, Алтын Уяда 12 бала тарбияланып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.