Ошто жаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк берилбей жатат. Видео

Ошто жаңы төрөлгөн ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатышат. Мындан улам ата-энелер нааразычылык билдиришүүдө. Бул тууралуу “Ынтымакка” кызына 2 жумадан бери күбөлүк ала албай жүргөн Нурсултан Абдыкерим уулу кабарлады.

Анын айтымында кызы төрөлгөнүнө эки жумадан ашкан. Алар күбөлүк алуу үчүн барганда мукабасы (корочкасы) калбай калганын айтышкан. Бирок, ошол эле учурда бир айдын ичинде кызына күбөлүк албаса 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынаарын эскертишкен.

“Кызым төлөлгөнүнө 2 жумадан ашты. Күбөлүк алуу үчүн бир канча жолу бардым. Бирок, ал жердеги адис күбөлүктүк мукабасы калбай калганын айтты”,-деди ал.

Бул маселени тактоо үчүн Ош шаардык  жарындык абалдын  актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнүн башчысы Назира Кожошова менен байланыштын. Ал күбөлүктөрдүн мукабасы калбай калганын айтып, көйгөй бар экендигин ырастады.

“Күбөлүктүн түгөнгөнүнө үч күн болду. Ошол себептүү наристелерге туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилбей жатат. Жакынкы күндөрү бул маселе чечилип калат деген ишенимдебиз”-деди ал.

Азырынча көйгөй качан чечилээри белгисиз бойдон калууда.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген