Ошто жаңы өрт-куткаруу бөлүмү ачылды

Бүгүн, 13-декабрда, Ош шаарында № 29 өрт-куткаруу бөлүмү ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган бөлүмдүн ачылуу аземине Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы катышты.

Аталган өрт-куткаруу бөлүгүнүн күч-каражаттары Ош шаарынын №5 «Амир-Темур» муниципалдык аймактык кеңешинин аймагындагы өрт өчүрүү иштерине тартылат. Бөлүмдү жайгаштырууга жеңил конструкция тибинде 4 бөлмөлүү имарат курулуп, 14 штаттык бирдик жана 1 даана өрт өчүрүүчү автоунаа (Зил АЦ 40) тийиштүү шаймандары менен бөлүнүп берилген. №29 өрт-куткаруу бөлүгүнүн женил конструкциядан болгон курулуш иштеринин толук бүткөрүүгө жергиликтүү бийлик тарабынан акча каражаты бөлүнгөн.

Буга чейин Ош шаарынын №5 Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында 60 миңден ашуун жашоочулар жашагандыктан өрт-куткаруу бөлүгүн ачып, өрттүн коопсуздугун жоюу эң негизги маселе болуп келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.