Ошто жаңы окуу жылында 3 мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда жаңы заманбап мектептин ачылуу аземи болуп өттү. Ага Кубатбек Боронов катышып, билим уясынын жамаатына ийгиликтерди каалады.

«Жаңы окуу жылында 1 млндон ашык бала билим алуу үчүн мектепке барат. Өлкө боюнча 80 миңге жакын мугалим балдарды тартипке, улуу-кичүүнү сыйлоого жана эң негизгиси мекенге болгон сүйүүгө  чакырган милдеттерин аткарууга киришти. Быйыл республика боюнча биринчи класска 156 миң бала барат, аларга жаңы жашоонун – жаңы билимдин эшиги ачылууда. Келечекте татыктуу инсан болуу үчүн мен силерге жакшы билим алууңарды каалайм», – деди  Кубатбек Боронов окуучуларга кайрылып жатып.

Маалыматка ылайык, Кара-Суунун Стант айылындлагы Пионердин 50 жылдыгы атындагы толук эмес орто мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Курулуш иштери  2014-жылы башталып, бирок токтоп калган эле. Быйыл курулуш толук бүткөрүлүп окуучуларга кулачын ачты.Мындан сырткары, Ак-Өргө айылында да  720 окуучуга ылайыкташкан мектеп ишке кирди.

Ал эми Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүннөгү  мектеп 275 балага ылайыкталып, заман талабына ылайык жабдылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген